2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Казакбаев Руслан Айтбаевичтин Түркия Республикасынын аймагында жашаган мекендештер менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Элчисинин Кеңешчи-кичи элчиси Акаев Айбек Болотович менен кеңешчи Кыштообаев Азиз Тилекбаевич, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Элчиликтеги өкүлү, милициянын полковниги Аманбаев Манас Каримжанович, Кыргыз Республикасынын Анкара Элчилигиндеги консулу Султанова Салтанат Айбековна жана Элчилик кызматкерлери толук катышып, мекендештердин көйгөйлөрүн угуп, алардын суроолоруна жооп беришти.
Элчи Руслан Казакбаев өз сөзүндө Элчилик жасап жаткан иштерге токтолуп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын бардык тармакта өнүгүп жатканына токтолду. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары жогорку деңгээлде өткөнүн, эки тараптын тең оң баалаганын баса белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаш Жалпы камтуучу Стратегиялык Өнөктөштүк деңгээлине жогорулаганын сыймыктануу менен мекендештерге кабарлады.
Ал эми Ички иштер министрлигинин Элчиликтеги өкүлү, милициянын полковниги Манас Аманбаев өзүнүн кызматын түшүндүрүп, жарандардын көйгөйлөрү болсо түздөн-түз иштешип, чечкенге аракет кыла тургандарын билдирди.
Айрым атуулдар Элчилик кызматкерлерине ыраазычылык билдиришип, ийгилик каалашты. Мекендештер өз көйгөйлүү маселелерин айтып, суроолоруна жооп алып, маселени кантип чечүүнүн жолдорун угуп курсант болуп тарашты.