Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Ирандын улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды.
Беттеш 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иранга 2:3 эсебинде утулуп калды.