Суббота, 18 мая

Чүйдө түрмөгө нашаа алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды 

0

Чүй облусунун Петровка айылындагы түрмөгө 3 киллограммдан ашык нашаа алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, милиция шектүүнү түрмөнүн жанынан кармаган. Текшерүү маалында анын жанынан жети ором нашаа табылган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз