Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштарын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев маалымат берди.
Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген, анда бир катар калктуу конуштардын аталышын өзгөртүү сунушталууда.
Алар:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Таштак айылы — Малкалди айылы болуп өзгөрмөкчү;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Параканда айылы — Баракелде болуп өзгөрмөкчү;
- Нарын облусунун Кочкор районундагы Большевик айылы — Баялы Исакеев болуп өзгөрмөкчү;
- Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылы — Шадыкан айылы болуп өзгөрмөкчү;
- Талас облусунун Манас районундагы Новодонецкое айылы — Айтматов айылы болуп өзгөрмөкчү;
- Талас облусунун Талас районундагы Козучак айылы — Жанкороз-Олуя айылы болуп өзгөрмөкчү:
- Талас облусунун Талас районундагы Балбал айылы — Жаныбек баатыр айылы болуп өзгөрмөкчү;
- Чүй облусунун Москва районундагы Чоң-Арык айылы — Сыйдалы айылы болуп өзгөрмөкчү;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылы — Ак-Суу айылы болуп өзгөрмөкчү.
Ошондой эле комитет Баткен жана Чүй облустарындагы айрым калктуу конуштарга «айыл» категориясын ыйгаруу жана Сары-Жаз кырка тоосундагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан бийиктиги 5576 м болгон аты жок тоо чокусун «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды.