Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министри Ллойд Остин Украинага Орусиянын согуш талаасында алга жылышын басаңдатуу үчүн АКШда жасалган жөө аскерлерге каршы миналарды колдонууга уруксат берилерин билдирди.
Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) коргоо министрлеринин 18-жыйынынын алкагында Лаостун борбору Виентьянда болгон министр Остин бул жерде журналисттерге Вашингтондун Украинага карата миналар тууралуу саясатынын өзгөрүшү орустардын өзгөргөн тактикасынан кийин болгонун айтты.
Остин АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага Орусиянын согуш талаасында алга жылышын басаңдатууга жардам берүү үчүн АКШ тарабынан берилген жөө аскерлерге каршы миналарды колдонууга уруксат берерин айтты.
Орус кургактагы аскерлеринин согуш талаасында алдыңкы сапта болгонун баса белгилеген Остин, Украинанын «Орусиянын бул аракетин басаңдатууга жардам бере турган нерселерге муктаж экенин» айтты.
Жөө аскерлерге каршы миналар көптөн бери жардам агенттиктери жана активисттер тарабынан карапайым калк үчүн туруктуу коркунуч катары сындалып келет.
Апта башында АКШ Украинанын армиясынын тактикалык ракеталык системасын Орусияда колдонууга уруксат берди, ал эми орус президенти Владимир Путин өз кезегинде баллистикалык ракеталык чабуулдарга өзөктүк курал менен жооп кайтарууну караган доктринаны бекитти.