Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университетинин студенттери Улуу Британияда сезондук жумуштарга иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Бүгүн Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору британиялык HOPS Labor Solutions Ltd оператору менен биргеликте аталган университеттер менен кызматташуу келишимине кол койду.
Кызматташуунун максаты Улуу Британияда сезондук айыл чарба иштери программасынын алкагында студенттердин стажировкаларын уюштуруу.
Келишимдин шарттарына ылайык, аталган университеттердин студенттерине 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы каникул учурунда Улуу ++
Британияда эмгек акы төлөнүүчү стаировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат.