Бүгүн саат 13:45те Талас облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмикалык эскертүү системасынын алдын ала маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.
Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институту кыргыз-тажик чек арасында да жер силкингенин маалымдаган.
Ага ылайык, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 (Ачык-Суу айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.