Суббота, 23 ноября

Кантта заводунун аймагында жайгашкан ишканадан өрт чыккан

0

Кант шаарында «Кант-Курулуш» заводунун аймагында жайгашкан ишканадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 04:49дан тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 08:10до чектөөгө алынды.

Жеринде ӨКМдин Чүй облусундагы башкармалыгынын башчысы жана Ысык-Ата райондук бөлүм башчылары иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз