Понедельник, 25 ноября

УКМК жетекчисине табышмактуу катты таштаган адам аныкталды

0

УКМК жетекчисине коркутуу каты бар флешканы таштаган адам аныкталды.

“Бетти тааныган камералардын жардамы менен алар ошол пакетти таштап кеткен адамдын өздүгүн такташты”, — деп билдирди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-ноябрда Сузак РИИБинин жаңы имаратынын ачылышында.

«Камералар аркылуу милиция кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери карап, аны табышкан. Анын бардык аракеттери ар бир м.нөтүнө чейин аныкталды», — деди ал.

Буга чейин Ташиев анын үстөлүнө белгисиз адам конверт таштап кеткенин, анын ичинде флешкасы бар экенин билдирген. Флешкада Ташиевге коркутуулар менен жазылган кат болгон.

Ташиев бул адамдын ким экенин ачыктаган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз