Кыргызстанда апта ичинде 19 миң 378 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Анын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 1108;
-Мас абалында унаа башкаруу — 221;
-Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 581;
-Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3044;
-Авто ээнбаштык — 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3302;
-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу — 9;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11040;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1584 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.