Бишкекте бүгүн эртең менен эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, бүгүн болжол менен саат 06:00дөр чамасында Айтматов проспектисиндеги “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын тушунда 1985-жылы туулган Т.К. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “Тойота-Ранекс” үлгүсүндөгү унаа менен 1985-жылы туулган Ж.Р. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “Хундай-Сантафе” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Натыйжада эки айдоочу тең ар кандай жаракаттарды алып, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Бул факт Бишкек шаардык милициясынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бардык экспертизалар дайындалып, унаалар айып аянтчасына токтотулду.
Учурда тергөө иштери уланууда.