Воскресенье, 8 декабря

Баткендин 3 айылы таза суу менен камсыздалды

0

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак, Комунна жана Искра айылдары таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маадыматка ылайык, аталган айылдардын таза суу системасын долбоордук-сметалык документациясы иштеп чыгарылып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Азыркы учурда жалпысынан 24 чакырым ичүүчү суу түтүктөрү, 1000 м3 резервуар реконструкциядан өтүп, каптаждык курулмалар толук жасалды.

Мындан тышкары, кошумча суу түтүктөрүн, водовод жана каптажды жалпысынан 31 км водоводдон казып жасоо жумуштарын аткарды. Ал эми кошумча суу системасы, резервуар 2шт 400 м3 жасалды.

Бүгүнкү күнгө Лейлек районунун 3 айылында толук суу системалары жасалып текшерүүлөн өтүп колдонууга берилген. Долбоорго ылайык, 14 миңге жакын адам коопсуз таза суу менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу жана АРИС агентствосу менен бирге аткарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз