Бишкектин Свердлов районундагы Восток айылы жарыктандырылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, айылдын көчөлөрүнө 450дөн ашык заманбап чырактар орнотулуп, узундугу 11 миң метрден ашык чубалгы (өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым) тартышты.
Белгилей кетсек, Восток айылы административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкектин Свердлов районунун курамына киргизилген. Буга чейин айылдын көчөлөрүндө электр жарыгы болгон эмес.