Среда, 27 ноября

Мечитте акча уурдалды

0

Чүй облусуна караштуу Милянфан айылындагы мечиттен кайрымдуулук үкөгүндөгү акча уурдалган. Учурда эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Милициядан маалымдашкандай, уурулук фактысы 10-июлда болгон. Канча акча уурдалганы айтылган эмес.

Шектүү катары 21 жана 23 жаштагы кишилер кармалды.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси («Уурулук») боюнча каттоого алынып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз