Воскресенье, 8 декабря

Саха Республикасынын башчысы Бишкеке келди

0

Саха Республикасынын башчысы (Якутия, Орусия Федерациясы) Айсен Николаев иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аны «Манас» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушуу, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышына катышуу пландалууда.

Маалымат үчүн: Саха Республикасы (Якутия) Россия Федерациясынын аймагы боюнча эң ири субъектиси жана экономикалык, маданий жана жаратылыш жагынан эң маанилүү аймактарынын бири болуп саналат. Кыргызстан менен Саха (Якутия) Республикасы эзелтен бери келе жаткан салттуу байланыштарга ээ.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз