Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШлык кесиптеши Энтони Блинкен жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан Аль Сауд менен телефон аркылуу Сириядагы окуяларды талкуулады.
Хакан Фидан Блинкен менен сүйлөшүүсүндө, Түркиянын аймакта ыраатсыздыкты арттыра турган ар кандай жагдайга каршы экенин, ушул алкакта Сириядагы чыңалуунун басаңдатылышын жактагандарын айтты.
Сирияда тынчтык жана бейпилдиктин орношу үчүн режим менен оппозициянын ортосундагы саясий процесстин бүтүшү керектигин баса белгилеген Фидан, Түркияга жана сириялык жарандарга каршы террордук аракеттерге эч качан уруксат бербей тургандарын билдирди.
Министр Фидан Ливандагы ок атышпоонун туруктуу болушу үчүн Израилдин убадаларын аткаруусу керектигин, Газада ок атышпоонун тез арада түзүлүүсү жана аймакка гуманитардык жардамдардын жеткирилиши керектигин баса белгиледи.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабиялык кесиптеши Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сириядагы акыркы абалдарды талкуулады.