Эки жылга созулган иликтөөдөн кийин АКШ Конгресси коронавирус лабораторияда жасалып жайылганын билдирди. Бул тууралуу америкалык мыйзамчылардын докладында айтылган.
«COVID-19 вирусу Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыккан деп айтууга негиздер жетиштүү», — деп жазылган документте.
Конгрессмендер вирус табиятта кездешпеген биологиялык өзгөчөлүктөргө ээ экенин белгилешкен. Мындан тышкары, коронавируска чейинки пандемиялар ар кандай болуп жукса, COVID-19дун бардык учуру бир жол менен — адамдын организмине кирүү менен жайылганы белгиленди. Докладда Ухандагы лаборатория жүргүзүлгөн эксперименттер «биологиялык кооптуулук жакшы эмес» учурда жасалганы айтылат.