Түштүк Кореянын парламенти бүгүн алардын президенти Юн Сок Ёл киргизген аскердик абалды алып салууга добуш бергенин спикер У Вон Сик жыйында билдирген.
Өлкөдө саясий абал кескин өзгөрүп кетти. Жыйынга келген 190 депутаттын баары тең «макул» деп добуш беришкен. Депутаттык корпуста жалпысынан 300 эл өкүлү бар.
Төраганын кеңсеси президент киргизген аскерий абал депутаттардын добушунан кийин күчүн жоготконун кабарлаган. У Вон Сик президентти аскердик абалды тез арада алып салууга чакырган.
ЖМКлардын маалыматына караганда парламенттин имаратына келген аскерлер кайра тарап жатат.