Вторник, 7 января

Бишкекте «TalentforBIZ» карьера жарманкеси өттү

0

Бишкекте 7-декабрда Түркиянын Президенттик аппаратынын адам ресурстары башкармалыгынын тарабынан уюштурулган түрк фирмаларында жумуш мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырган «TalentforBIZ» карьера жарманкеси өттү.

Жаш таланттарды эл аралык жумуш жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү менен жакындатууну максат кылган TalentforBIZ 2019-жылдан бери 10 өлкөдө өткөрүлүп келет. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлгөн иш-чара Бишкектеги жаштар менен бизнес чөйрөсүнүн ортосунда көпүрө болду. Карьера жарманкесине борбордогу бардык ЖОЖдордон  1600 студент катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар түрк компаниялары тарабынан сунушталган жумуш жана стажировка мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты, жумуш тууралуу маектешүү тажрыйбасын жакшыртышты жана адам ресурстары боюнча эксперттер менен жекеме-жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Президенттик аппараттын адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы доц. д-р. Салим Атай иш-чаранын ийгиликтүү өткөнүн билдирди: «Биз Кыргызстанга биринчи жолу келип жатабыз жана бул жерде болгонубузга абдан кубанычтабыз. Бүгүнкү иш-чарабызга катышуу жонору болду. Бизде 1600 студент катталган жана катышуучулар Бишкектин бардык ЖОЖдорунан келишти».

TalentforBIZ жаштардын эл аралык эмгек рыногунда орун алышына колдоо көрсөтүүнү жана түрк фирмаларын квалификациялуу таланттар менен жакындаштырууну максат кылып келет.

В Бишкеке прошла ярмарка вакансий TalentforBIZ

В Бишкеке 7 декабря прошла ярмарка вакансий TalentforBIZ, организованный Управлением кадров при президенте Турции.

TalentforBIZ, целью которого является объединение молодых талантов с возможностью трудоустройства и стажировок по всему миру, с 2019 года проводится в 10 разных странах. Семнадцатое мероприятие, которое в этом году состоялось впервые в Кыргызстане, послужило мостом между молодежью и деловым миром Бишкека. В мероприятии, которое состоялось 7 декабря 2024 года, приняли участие 1600 зарегистрированных студентов, в нем приняли участие студенты всех вузов столицы.

В ходе мероприятия участники получили информацию о возможностях трудоустройства и стажировок, предлагаемых турецкими компаниями, улучшили свой опыт собеседований с помощью моделирования собеседований и имели возможность встретиться один на один с экспертами по кадрам.

Руководитель Управления кадров при Президента доц. д-р Салим Атай отметил, что мероприятие прошло успешно:

«Мы впервые приезжаем в Кыргызстан и очень рады быть здесь. На нашем сегодняшнем мероприятии было очень активное участие. У нас зарегистрировано 1600 студентов, и участие приняли все университеты Бишкека».

Под лозунгом «Талант для BIZ» Управление кадров при президенте стремиться оказывать поддержку молодым людям в их завоевании места на международном рынке труда и объединять турецкие компании с квалифицированными талантами.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз