Воскресенье, 19 апреля

Депутаттар гимнди өзгөртүү үчүн комиссия түздү

0

Жогорку Кеңеште 11-декабрда мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп ага сегиз депутат — Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин сөзүнө караганда, Министрлер кабинетинде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жаңы гимндин үч вариантын тандап, парламентке сунуштайт. Кийин алар депутаттык комиссия менен иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш үч долбоордун ичинен бирин тандап мыйзам менен бекитет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз