Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Кыз айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча курулуш иштери аяктады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды. Аталган айылда 122 үй-бүлө, тагыраагы 659 тургун жашайт.
Бүгүнкү күндө төмөнкү иштер аткарылды:
- каптаждан резервуарга чейин 500 метр узундуктагы суу түтүгүн куруу;
- 2×50 м³ көлөмүндөгү резервуар орнотулду;
- жалпы узундугу 7 км болгон суу түтүк системасы орнотулду;
- ичүүчү сууну дезинфекциялоо үчүн хлоратор орнотулду;
- лаборатория жана кайтаруу бөлмөсү үчүн эки контейнер орнотулду;
- контейнерлердин сырткы бөлүктөрү оңдолуп, жылууландырылды жана колдонуунун шартына ылайык даярдалды;
- коомдук мекемелерге суу түтүктөрү тартылды.
Азыркы учурда жумушчу комиссия менен кабыл алуу-өткөрүү иштери аяктады.
Белгилеп кетсек, аталган долбоор Кара-Кыз айылынын тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат.