Бүгүн Ысык-Ата районунун Киров айылында май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү менен өсүмдүк майын өндүргөн заманбап жогорку технология менен жабдылган «Альфа» май заводу ачылды.
Суу ресурстары, айыл чара жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, заводдун ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министр Бакыт Төрөбаев катышты.
«Айыл чарба продукцияларын чийки зат түрүндө эле эмес, кайра иштетүү аркылуу көбүрөөк өндүрө алсак, аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө абдан чоң өбөлгө түзүлөт. Элибиздин кирешеси дагы жогорулайт. Учурда мамлекет тарабынан айыл чарбасын көтөрүүнүн жаңы саясатына ылайык, кайра иштетүү тармагына олуттуу көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп жатат. Министрлик айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө, элибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого салым кошкон ишкерлерди ар дайым колдойт», — деди ал.
Азыркы учурда завод айына 3000 тоннага чейин чийки затты кайра иштетип, жогорку сапаттагы продукцияны ички жана тышкы рынокторго туруктуу жеткирүүнү камсыздайт.
Завод сырьёну кайра иштетүүнүн толук циклин аткарат — үрөндөрдү кабыл алуу жана тазалоодон баштап, тазаланбаган жана тазаланган өсүмдүк майын өндүрүү жана таңгактоого чейин. Заманбап жабдуулар жана инновациялык технологиялар өндүрүштүн ар бир этабында сапаттын жогорку стандарттарын сактоого мүмкүндүк берет.
Учурда ишканада ар кандай бөлүмдөрдүн үзгүлтүксүз иштешин камсыздаган 20дан ашык квалификациялуу адис эмгектенет. Агроөнөр жай комплексин мамлекеттик колдоо программасынын алкагында ишкананы кеңейтүү пландалууда. Жакынкы келечекте 100гө чейин жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүштүк кубаттуулукту бир топ жогорулатуу каралууда.
Бул пландар заводдун аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын олуттуу түрдө жогорулатууга, аймактык бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана өлкөнүн айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган.