Жакында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын соода өнөр жай палаталары жана товардык биржалары биримдигинин (ТОББ) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап.соода-экономикалык жана инвестиция тармактарындагы кызматташууну талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин чакыруу катын Р.Хисаржыклыоглуна элчи Кубанычбек Өмүралиев «Ысык-Көл 2019» Эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн берди.
Ошондой эле, 17-18-июлда өтүүчү Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 9-отурумунун алкагында түрк ишкерленинин Кыргызстандагы инвестициялык акыбал жана кыргыз мамлекеттик-жеке менчик партнерлук проекттери боюнча маалымат берүү үчүн тегерек үстөл уюштурууну макулдашышты.
Президент Р.Хисаржыклыоглу аталган форумга катышууга даярдыгын жана ТОББ Кыргыз Республикасына түрк бизнесмендеринен турган делегацияны жиберээрин баса белгиледи. Мындан тышкары тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун үстүбүздөгү жылдын 4-чейрегинде өтүүчү расмий сапарынын алгакында Бизнес-форум уюштуруу жөнүндө макулдашышты.
Кошумчалай кетсек, Түркиянын соода өнөр жай палаталары жана товардык биржалары биримдиги (ТОББ)өлкөдөгү пайда алууну көздөбөгөн жана өкмөттүк мекемелерге жеке жактардын кызыкчылыктарын коргогон эң чоң бейөкмөт уюм. Түркия Республикасынын Улуттук мыйзамдарына ылайык Түркиянын палаталарына жана биржаларына мүчө болуу бул милдет.
Учурда 365 аймактык соода, өнөр-жай, деңиз палаталары жана товардык биржалары ТОББнын мүчөсү болуп, алардын алкагында 1,5 млн. ашык түрк компаниялары иштейт.