Үстүбүздөгү жылдын 14-15-16-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көл көлдөн 5800 метр тор чыгарышты.
Ведомствонун маалыматына караганда, көлдү балык уулоочу тордон тазалоо иштери Түп районуна караган Күрмөнтү, Кутурга жана Кичи-Өрүктү айылдарынын аралыгында жүргүздү.
Аба ырайынын туруксуздугуна жана суукка карабай тазалоо иштерин тынымсыз улантып жаткан суучулдар 3 күндүн ичинде 6 800 га жакын жерди тазалашып, 5800 метр тор чыгарышкан.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын башынан бери ушул күнгө чейин көлдүн жалпы 401 миң 152,6 гектар жери тазаланып, 104 миң 200 метр балык уулоочу торлордон арылды.