Жакында Нарындын Кара-Кужур өрөөнүндө кымыздын касиеттерин таанытуу фестивалы өттү.
Кыргыздардын улуттук суусундуктарынын бири кымыз. Кыргызда дарт дабаасы- кымыз деп коет. Кѳчмѳн калк болгондуктан күчтүү тамактан кийин кымыз ичкенде тамак сиңирүүнү жеңилдеткен. Чынында эле биздин элдин улуттук суусундугунда ондогон дарылык касиеттер бар.
Адистердин айтымында, кымыздын курамында жеңил сиңүүчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, туз минералдары болгондуктан тамак сиңирүүнү жакшыртып, кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы таасир берет. Ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алат.