Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуш кылмышкери. Бул тууралуу Чилинин президенти Габриэль Борич Сантьягодо өткөн «Палестиналык Рождество: Чилидеги Бейтуллахимден (Бетлехем) үмүт жарыгы» аттуу иш-чарада билдирди.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Чилинин президенти Израилдин премьер-министринин Газа тилкесиндеги аракеттерине, ошондой эле жалпы Палестинадагы кырдаалга көңүл бурду.
«Адамзатты коргоодо жарым чараларга орун жок. Биз бүгүн бул жерге адамзатты коргоо үчүн чогулуп жатабыз. Биз Газа тилкесинде болуп жаткан окуяларга гана эмес, Иордан дарыясынын батыш жээгинде болуп жаткан окуяларга да ачуу жана шок сезип жатабыз», — деди ал.
Борич Нетаньяхунун согуш кылмышкер экенин баса белгиледи.
«Биз варварчылыктын түрлөрүн тандап алышыбыз керек окшойт, бирок тандоонун кереги жок. Мен адамзатты тандайм жана Беньямин Нетаньяхунун жасаганы согуш кылмышы, адамзатка каршы кылмыш», — деди ал.