Суббота, 21 декабря

Ташкентте TМУнун ЖМК жана маалымат боюнча жетекчилеринин 6-жыйыны өттү

0

Өзбекстандын борбору Ташкентте Түрк Мамлекеттер Уюмунун (TМУ) ЖМК жана маалымат боюнча жооптуу министрлеринин жана жогорку кызмат адамдарынын 6-жыйыны өттү.

Жыйынга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын медиа башкаруучулары катышты.

Өзбекстандын президентинин администрациясынын маалымат жана массалык маалымат агенттигинин (АОКА) жетекчиси Асад Хожаев бул жолугушуу уюмга мүчө мамлекеттердин медиа жана маалымат байланыштарын жакшыртат деп ишенерин билдирди.

ТМУнун эл аралык уюмдар арасындагы орду күчтөнгөнүн баса белгилеген Хожаев, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаштардын маданият жана медиа тармагында сый-урмат жана ишеним негизинде өнүгүп жатканын белгиледи.

Жыйында медиа кызматташтыгын арттыруу, жалган маалымат менен күрөшүү, билим берүү программаларын уюштуруу сыяктуу маселелер талкууланып, «2025-жылдагы маалымат мейкиндигинин иш-аракеттер планы» кабыл алынып, Ташкент декларациясына кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз