Вторник, 7 января

ШКУ өзүнүн акчасын чыгарууну талкуулап жатат

0

Учурда Шанхай Кызматташтык Уюму өзүнүн акчасын чыгарууну талкуулап жатат. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев билдирди.

«Азыр биздин төлөм системалары дүйнөлүк төлөм системасына жогорку деңгээлде интеграцияланган жана белгилүү валюталар менен байланышкан. Жалпысынан алганда, улуттук валюталардын үлүшүн көбөйтүү зарылдыгы бар, эксперттер Уюмдун өзүнүн валютасын же кандайдыр бир эсеп бирдигин киргизүү боюнча сунуштарды беришти, бирок бул иш азырынча талкуу баскычында», — деди Ермекбаев.

ШКУ 2001-жылы июнь айында түзүлгөн эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз