Арменияда болуп жаткан куралдануу процесси, албетте, Түштүк Кавказ үчүн жаңы коркунуч фактору.
Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде билдирди. Маектин текстин Азербайжан мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Алиев белгилегендей, Ереван Экинчи Карабах согушунун жана антитеррордук операциянын жыйынтыгына өтө олуттуу мамиле кылышы керек. «Арменияда болуп жаткан куралдануу процесси, албетте, Түштүк Кавказ үчүн жаңы коркунуч фактору. Мен бул женунде айттым жана дагы бир жолу айткым келет, биз эч нерсе кыла албайбыз. Мен бул тууралуу Армениянын жетекчилигине бир нече жолу айттым, бул жаңы коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошол эле учурда бүгүн Армениянын артында туруп, аны Азербайжанга каршы жаңы чагымдарга үндөп жаткандай көрүнгөндөр, балким, акырына чейин анын артында турбайт. Алар 2020-жылы жана андан кийин анын артында тура алышкан жок. Алар каалабаганы үчүн эмес, Азербайжан аларга мындай мүмкүнчүлүк бербей койгону үчүн», — деди президент.