Монголиянын борбору Улан-Батордо кечээ, 11-январда түштөн кийин массалык нааразылык акциялары башталды. Кечке маал демонстранттардын саны миңден ашты. Жүрүшкө чыккандар өкмөттү ыш, жумушсуздук жана башка көйгөйлөр менен күрөшө албай жатат деп айыптап, анын отставкасын талап кылышууда.
Монголиядагы нааразылык акциясынын демилгечиси жана уюштуруучусу “Эркиндик альянсы” партиясы. Анын өкүлдөрүнүн айтымында, өкмөт «ыш, тыгын, жакырчылык, коррупция, салык жана жумушсуздук сыяктуу көйгөйлөрдү чече албай жатат», ошондуктан, алар отставкага кетиши керек деп эсептешет.
Ошол эле учурда акциянын уюштуруучулары азыркы бийлик менен эч кандай консультацияларды, жолугушууларды же сүйлөшүүлөрдү өткөрүү ниети жок экенин жана «эч кандай түшүндүрмөлөрдү кабыл алууну» пландабай турганын билдиришти.