Пакистандын Исламабад эл аралык конференциянын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү министрлери жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, аталган жолугушуу түрк билим берүү мекемелерин бекемдөө жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Өз кезинде кыргыз тарап Түркияга билим берүү долбоорлоруна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Муну менен катар тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу зарылдыгын макулдашты.
«Эки тарап тең билим берүү тармагындагы жалпы максаттарды ишке ашырууга өбөлгө түзгөн билим берүү программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти»,-деп айтылат маалыматта.