Израилдин ашынган оңчул каржы министри Безалел Смотрич ок атышууну токтотуу жана Хамас менен туткундарды алмашуу келишимине байланыштуу өкмөттү кулатам деп коркутту.
“Диний сионизм” партиясынын лидери өзүнүн X социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жарыялап, келишимди “Израилдин улуттук коопсуздугу үчүн коркунучтуу” деп атады. Смотрич: «Биз буга болгон күчүбүз менен каршы турабыз», — деди.
Министр ХАМАСтын жок кылынышы жана бардык туткундардын кайтарылышы алардын партиясын өкмөттө калтыруунун шарты экенин кошумчалады. Смотрич ошондой эле премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен эки күндөн бери интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.
Буга чейин Смотрич келишимди “улуттук коопсуздук үчүн балээ” деп атап, анын партиясы келишимди колдобой турганын билдирген.
Дагы бир ашынган оңчул партиянын лидери Оцма Йехудит Итамар Бен-Гвир Смотричти келишимге бөгөт коюу үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.
Эгерде Израилдин Кнессетинде 7 орунга ээ болгон Смотричтин «Диний сионизм» партиясы менен 6 мандатка ээ Бен-Гвирдин «Оцма Йехудит» партиясы кызматташа турган болсо, алар өкметтү кулатууга жетишээрлик лөпчүлүктү түзө алышат. Бийликти сактап калуу үчүн өкмөткө Кнессетте кеминде 61 орун керек, ал эми азыркы коалиция 120 мандаттын 68ине гана ээ.