Пятница, 17 января

Балыкчыга жакын жерде жер титиреди

0

Кечээ 18:30да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,9 баллга жеткен.

Жер титирөөнн очогу Тоң районунун Оттук айылынан түндүккө карай 5 чакырым, Кара-Шаар айылынан батышка карай 5 чакырым, Кара-Талаа айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү Оттук, Кара-Шаар, Ак-Өлөң айылдарында 3,5 баллга, Балыкчы шаары жана Кара-Талаа, Орто-Токой, Шор-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз