Миллиардер Илон Маск Дональд Трамптын инаугурациясынан кийин сөз сүйлөдү.
«Бизде коопсуз шаарлар болот — акыры — коопсуз чек аралар, акылга сыярлык чыгымдар. <…> Биз DOGEди Марска жөнөтөбүз!», — деди ал өз сөзүндө.
Маск ошондой эле америкалык астронавттар жакында башка планетага желек орното турганын айтты.
Сөзүнүн аягында миллиардер өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн болгон күчүн жумшоого даяр экенин баса белгиледи. Бирок ал оң колун жүрөгүнүн үстүнө коюп, андан соң аны өйдө көтөрдү. Байкоочулар жана социалдык тармактардын колдонуучулары болсо, мунун нацисттик салам деп айтышууда. Бирок Трамптын жактоочулары бул Адольф Гитлердин жактоочулары колдонгон ишарат эмес, «Римдик салам» деп ырасташат.
Учурда Маск АКШнын өкмөттүк аппаратында өкмөттүн эффективдүүлүгү боюнча кызматта.
Инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө Трамп башка нерселер менен катар Марска америкалык астронавттарды жөнөтүп, ал жерге Американын желегин илүүгө убада берди. Президент ошондой эле Мексика булуңунун атын Америка булуңу деп өзгөртүүгө жана Панама каналын АКШнын көзөмөлүнө кайтарууга убада берди.