Среда, 22 января

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

0

Президент Садыр Жапаров Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркиянын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз