АКШда жашаган Нобель сыйлыгынын ээси түрк илимпоз профессор доктор Азиз Санжарга ТҮРКСОЙ тарабынан «Түрк дүйнөсүнүн маданият элчиси» медалы тапшырылды.
Санжар Түндүк Каролинадагы Азиз&Гвен Санжар фондунда өткөрүлгөн аземде Түрк дүйнөсүнүн маданият элчиси медалын ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раевден алды.
Башкы катчы Раев аземде сүйлөгөн сөзүндө Санжар үчүн буларды айтты : Сиз бир гана илимпоз эле эмес, түрк дүйнөсүнүн жалпы аң-сезимин, илимий генийлигин чагылдырган баалуулугубузсуз. Нобель сыйлыгы менен бүткүл адамзатка салым кошкон эмгектериңиз, билим дүйнөсүндөгү жогорку ийгилигиңизчелик түрк маданиятынын баалуулуктарын, чагылдырган жөнөкөй жана эмгекчилдигиңиз менен бардык адамзат үчүн үлгү мүнөзүндө»,- деди.
Азиз Санжардын түрк дүйнөсүнүн сыймыгы жана илхам булагы экендигин баса белгилеген Раев сыйлыктын берилишине ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин мүчөсү министрлердин, Азербажандын Шуша шаарында өткөрүлгөн 40 — жыйынында добуш бирдиги менен чечим чыгаргандыгын белгиледи.
Өзүнө берилген Түрк дүйнөсүнүн маданият элчиси медалын алуу үчүн трибунага чыккан профессор доктор Азиз Санжар бул медалдын өзү үчүн Нобель сыйлыгынан да баалуу экендигин айтты.
Аземде Санжар : «Бул медаль мен үчүн бардык сыйлыктардан кымбат. Бул менин кыялым болчу. ТҮРКСОЙ абдан баалуу мекеме жана ал бизди дүйнө жүзүнө көрсөтөт деп ишенем»,- деди.