Четверг, 30 января

Газадагы базарлар кайрадан өз ишин баштады

0

Израилдин ок атышпоо менен аяктаган кол салууларынан кийин Газадагы базарлар кайрадан жандана баштады.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрында башталып, 15 айдан ашык убакыттан бери уланган соккулары Газа тилкесинде кеңири кыйроолорго алып келди. Жардыруулар, массалык жер которуулар, чек ара бекеттеринин жабылышы жана товарларды алып кирүүгө тыюу салуулар палестиналыктарга адам чыдагыс шарттарды түздү.

Анткен менен 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишими тургундарга жашоосун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берди.  Ок атышпоо келишиминин алкагында негизги жүктөрдү ташыган жүк ташуучу унаалар ачык чек ара бекеттеринен кирип, Газанын базарларын толтура баштады. Базарларда жана анын айланасындагы көчөлөрдө кайрадан соода сатык  болуп, соодагерлер өз күркөлөрүнө кайтып жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз