Четверг, 30 января

БУУ Судандагы абал боюнча билдирүү таратты

0

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Судандагы, өзгөчө борбор Хартумдун түндүгүндөгү Аль-Жила мунай иштетүүчү заводунун айланасында жана Дарфурдагы Аль-Фашер шаарчасында чыр-чатактын күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Гутерриш тараптарды Судан жана аймак үчүн олуттуу экономикалык жана экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерден алыс болууга чакырды, деп белгиледи БУУнун басма сөз кызматы.

Ал жарандарды жана жарандык инфраструктураны коргоо, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык укуктан келип чыккан милдеттенмелерди эске салды.

Судандагы армия менен куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулар 15-апрелде башталып, 500 күндөн бери уланууда. Борбор калаада башталган салгылашуулар көп өтпөй өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Ок атышпоо келишимдерине жана кагылышуучу тараптарга эл аралык кысым көрсөтүүлөргө карабастан кан төгүү уланууда. Салгылашуулар өлкөнүн батыш жана түштүк-батышындагы тогуз провинцияда жүрүп, оор куралдар колдонулууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз