Пятница, 15 мая

Кремльдин басма сөз катчысы Путин менен Трамптын жолугушуусу тууралуу айтты

0

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ыктымалдуу жолугушуусу үчүн убакыт керектигин айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге Путин менен Трамптын ыктымалдуу жолугушуусуна байланыштуу баа берди.

Путин жолугушуу үчүн АКШга барабы же жокпу деген суроого Песков: «Муну лидерлер мындай жолугушууну уюштурууну ылайык көргөн убакта талкуулашат. Азырынча америкалыктардан эч кандай белги алган жокпуз, ошондуктан өзүбүздүн график боюнча иштеп жатабыз»,-деди.

Орусиянын сүйлөшүүгө даяр экенин айткан Песков: «АКШ тарап да даяр көрүнөт. Бул белгилүү бир убакытты талап кылат окшойт»,-деди.

Путин 24-январда Трамп менен Украина согушу жана энергетика сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүүлөрү керектигин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз