Израилдин чабуулдарынан улам жер которгон 300 миңден ашуун палестиналык кечээ Газанын түндүгүнө кайтып келишти.
Палестина өкмөтүнүн Газадагы басма сөз кеңсесинен жасалган билдирүүдө Хамас менен Израилдин ортосунда жетишилген жана 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо жана туткун алмашуунун алкагында Газа тилкесинин түштүгүнөн түндүгүнө өтүүлөрдүн кечээ башталганы эске салынды.
Билдирүүдө жер которгон 300 миңден ашуун палестиналык Газа тилкесинин түштүк жана борбордук бөлүктөрүнөн түндүккө кайтып келгендиги билдирилди.
Израилдин 16 айга жакын созулган катуу кол салууларынан улам жер которгон палестиналыктар кечээ эртең менен түндүккө кайтып келе баштады.
Бир тараптан Палестинанын Борбордук банкы болгон Палестинанын акча мекемеси Газа тилкесинде эки банктын кызматын кайра баштагандыгын жарыялады.
Буга ылайык Палестина Банкы бүгүн эртең менен Газа тилкесинин борбордук Дейр-Балах жана Нусайрат аймактарында, Араб Ислам банкы болсо Нусайрат аймагындагы банк операцияларын кайрадан баштады.