Суббота, 18 апреля

Гренландиялыктар АКШга кошулуу боюнча өз оюн айтты

0

Гренландия элинин 85 пайызынын Америка Кошмо Штаттарына  кошулуу идеясына каршы экени аныкталды.
Гренландиянын улуттук гезити Sermitsiaq жана Даниянын медиа уюму Berlingske үчүн Verian сурамжылоо фирмасынын сурамжылоосунда  АКШнын президенти Дональд Трамптын аралдын АКШга кошулушун көрсөткөн билдирүүлөрүнөн кийин коомчулуктун бул маселе боюнча пикири иликтенди.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Гренландиянын АКШнын курамына кирүүсүн каалабагандар 85 пайызызды түзүп, ал эми 6 пайызы кошулуу идеясын колдошкон.

Дональд Трамп бир нече айдан бери  Гренландиянын АКШнын көзөмөлүндө болушу керек экендигин кайталап, аралга ээлик кылуу жана көзөмөлгө алуунун өздөрү үчүн «абсолюттук зарылчылык» экендигин жактап жатат.

2900 километр алыстыкта ​​жайгашкан Дания Королдугунун чатыры астындагы Гренландия Фарер аралдары сыяктуу автономдуу аймак.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз