Среда, 26 февраля

Газада 2500 жаш бала эвакуацияга муктаж

0

Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Антониу Гутерриш Газа тилкесинен 2500 баланы тез арада эвакуациялоо керектигин айтты.

Гутерриш Газада иштеген төрт америкалык доктур менен жолуккандан кийин өзүнүн X социалдык баракчасында билдирүү менен бөлүштү.

Ал Газада иштеген дарыгерлер менен жолугушуусунан абдан таасирленгенин айтты. Гутерреш дарыгерлердин жан аябастыгы мактоого арзырлык экенин белгиледи.

Гутерриш өзүнүн басылмасында: «2500 бала Газадан тез арада эвакуацияланып, дарылоо аяктагандан кийин үй-бүлөлөрүнө жана жашаган жерлерине кайтарылышы керек» — деп белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз