Воскресенье, 2 марта

Анкарада «Бейиш энелердин таман астында» кино тасмасы көрсөтүлдү

0

2025-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Анкарадагы Элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Түрк Мамлекеттер Уюмунун кезектешкен төрагалыгына, Эл аралык Тоо күнүнө жана Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер көрсөтүлүшүнө арналган «Бейиш энелердин таман астында» кино тасмасы көрсөтүлдү.

Анкарадагы Яшар Кемал маданият борборунда өткөн иш-чарада Элчилик тарабынан улуттук даамдар жана суусундуктар менен фуршет уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Анкарадагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минстри Бообек Ажыкеев, министрдин орун басары Азамат Мамбетов, ТРнын Жогорку Шайлоо Кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер, Түркия Улуу Улуттук Жыйынын Ички иштер комитетинин төрагасы, Трабзон эл өкүлү Сулейман Сойлу, Түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Анкаранын Гөлбашы муниципалитетинин башчысы Якуп Одабашы, Анкарадагы ар кайсы өлкөлөрдүн дипломатиялык корпусунун мүчөлөрү менен режиссер Руслан Акун өзү жана Түркиядагы кыргыз жарандары менен Анкаранын тургундары катышты.

Элчи Руслан Казакбаев ачылыш сөзүн сүйлөп, кинону көргөндөр эне-баланын мамилеси жана Түрк дүйнөсүнүн аймактарынын баалуулктарына бир сыйра күбө болоорун баса белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар минстри Бообек Ажыкеев да өз сөзүндө ата-энеси бар адам канча жашка чыкса дагы алардын көзүндө баладай экенин, качан гана ата-энеден ажыраган соң чоң кишидей болоорун айтып, ата-энени көзү аман кезинде сый көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Кино зал жык жыйма толуп, көрүүчүлөр өзгөчө сезимге бөлөнүп кайтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз