АКШ Индияга мыйзамсыз мигранттарды учак менен жөнөттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мигранттарды ташууга аскердик-транспорттук учактар колдонулган.
Буга чейин АКШ ушул эле учактар менен мыйзамсыз мигранттарды Гватемала, Перу жана Гондураска жеткирген.
Мигранттарды өлкөсүнө жеткирүүгө көп акча каражаты сарпталып жатканы айтылууда. Мисалы, Гватемалага мигранттарды депортация кылууда бир кишиге болжол менен 4,7 миң доллардын тегерегинде каражат сарпталган.
Эске салсак, АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөлөрүнө чыгаруу иштери январь айынын аягында башталары кабарланган эле.
KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ
4 7 Reuters агенттиги айтылгандай айтылууда айынын акча АКШ АКШда аскердик-транспорттук аягында башталары билдирди бир болжол менен буга Бул Гватемала Гватемалага Гондураска депортация доллардын жана жатканы жеткирген жеткирүүгө жөнөттү жүргөн Индияга иштери кабарланган. каражат каражаты кишиге колдонулган көп кылууда Маалыматта менен мигранттарды миң Мисалы мыйзамсыз өлкөлөрүнө өлкөсүнө Перу салсак сарпталган сарпталып ташууга тегерегинде тууралуу учак учактар Ушул чейин чыгаруу эле. эске январь
