Воскресенье, 7 декабря

Израил Сириянын Голан дөңсөөлөрүндө эки аскерий база курууда

0

Израил басып алган Сириянын Голан дөңсөөлөрүндө эки жаңы аскерий база куруп жатат. Бул тууралуу америкалык The Washington Post (WP) гезити спутниктен алынган сүрөттөргө жана эксперттердин анализине таянуу менен билдирди.

Басылманын айтымында, сүрөттөр Израилдин Голан дөңсөөлөрүндө убактылуу экенин айтканына карабастан, аскерий экспансиясын тастыктайт.

WP тарабынан каралып чыккан спутник сүрөттөрү эки аскерий объекттин курулушун көрсөтүүдө. Бир база буга чейин дубалдар менен курчалган жана бир нече имараттарды жана унааларды камтыса, экинчиси болжол менен сегиз чакырым түштүктө жайгашкан.

Сириянын жаңы администрациясынын коргоо министри Мурхаф Абу Касра Израилдин Сирия жерлерин оккупациялоосун “Сирия элинин укуктарын одоно бузгандык” деп атап, аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылды.

«Израиль Иран менен көйгөйлөрү бар болчу, бирок биз бул коркунучтан кутулдук», — деди ал Израилдин катышуусунун мыйзамсыз экенине басым жасады.

Анын айтымында, Тель-Авив Сириянын аймактарын басып албастан өз жарандарынын коопсуздугун камсыздай алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз