Воскресенье, 6 апреля

Швецияда мектепке кол салуу болду

0

Швецияда мектептеги атышууда кеминде он адам каза таап, ондон ашуун киши жаракат алды.

ТАСС билдиргендей, окуя Швециянын Эребру шаарындагы мектепте болгон.

Полиция шектүү эркек киши экенин, ал өзүнө да ок чыгарып, каза болгонун кабарлады.

Анын мындай кылмышка барышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Полиция кызматкерлери иликтөө иштеринин жүрүшүндө бардыгы изилденерин айтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз