Бүгүн, 5-февралда Пекин шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Кытай төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.
Өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.
Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң өлкөлөрдүн лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүштү.
Салтанат аяктагандан кийин Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.
KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ
5-февралда аземи Айгүл айым алардын алды алып андан анын ара Ардак аяктагандан байланыштарды башчылары бекемдөөсүнө биргелешип биринчи болду болуп Бул бүгүн гимндери делегациялардын достугун жана жаңырды Жапаров Жапарованы жогорулатуу жолугушуу жубайларына жубайы залына кабыл кароол кийин командиринин коштоосунда кыдырып кызматташтык Кыргыз-кытай Кыргызстан Кыргызстандын Кытай Кытайдын лидерлери Лиюань маанилүү мамлекет мамлекеттердин мамлекеттик маселелери менен мүчөлөрү оркестрдин ортосунда ортосундагы өз өлкөлөрдүн өлкөнүн өттү өтүштү Пекин Президент президенти Пэн рапортун расмий ротасынын Садыр саламдашуу салтанат Си соң: сүйлөшүүлөр сүрөткө тааныштырылды талкууланат” тосуп төрагасы түзөт түзүмдү түшүүдөн Цзиньпин Цзиньпиндин шаарында шарт Эки экономикалык