Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар 1-майдан тарта өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой “Комсомольская правдага” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда Орусияда 670 миңдей мыйзамсыз жүргөн мигрант бар, алардын жарымынан көбү аялдар жана балдар. 5-февралдан тарта Орусиянын көзөмөлүндөгү адамдардын реестри» иштей баштайт. 1-майга чейин мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
“1-майга чейин мигранттар ички иштер органдарына кайрылышы керек. Эгерде алар мыйзамдарды сактаган жана биздин өлкөнүн аймагынан эч кандай шартсыз чыгарууну талап кылган беренелер боюнча мыйзам бузбаган болсо, биз аларды укуктук статусун мыйзамдаштырабыз. Бирок, 1-майдан тарта бардык текшерүү процедураларынан өтүү мүмкүнчүлүгү жоголот. Депортациядан тышкары альтернатива болбойт”, — деди ал.
Эске салсак, былтыр 30-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, үстүбүздөгү 1-январдан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылган. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери – убактылуу же туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү.
5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирери жазылган. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары соттор менен бирге чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.