Суббота, 18 апреля

Ош облусунун Өзгөн районунда жер титиреди

0

Кыргызстандын аймагында жер титиреди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 7-февралда саат 18:50дө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Өзгөн районундагы Ара-Көл айылында 2 баллга (Макмал айылынан 17 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз