Воскресенье, 6 апреля

Кара-Суу районунда мушташтан окуучу каза болду

0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-февралда Кара-Суу РИИБге Манас айыл аймагындагы Каратай айылындагы мектептин 9-классынын окуучусу жыгылып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Териштирүү учурунда күбөлөр №39 орто мектептин окуучулары уруша кетип, 9-класстын окуучусу сабалып, эсин жоготуп кулап калгандыгын айтышкан.

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден-соолукка оор залал келтирүү») боюнча иш козголуп, тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча 9-класстын окуучусун сабаган делип ошол эле мектептин Р.Н. аттуу 18 жаштагы окуучусу кармалган.

Шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз